Юридикалык кызмат көрсөтүү багытындагы жогорку атаандаштыктан улам «АРАБИС Групп» компаниясы дайыма өзүнүн профессионалдык көндүмдөрүн жана билимин арттырып, мыйзамдык нормаларды кардардын суроо-талабын канааттандыруу үчүн колдонуу тажрыйбасын жогорулатып турат. Көп жыл ичинде компанияда түрдүү татаалдыктагы жарандык талаш-тартыштарды натыйжалуу чечүүчү уникалдуу практика калыптанды.
«АРАБИС Групп» компаниясы кандай талаш-тартыштар болбосун Сиздин кызыкчылыгынызды коргой алат, анын ичинде:
— керектөөчүлөрдүн укугун коргоого байланышкан талаш-тартыш;
— автордук укук жана аралаш укукту коргоо боюнча;
— келишимдерден улам келип чыккан талаштар;
— мүлккө байланышкан талаштар;
— жерге байланышкан талаштар;
-мүлктү пайдалануунун тоскоолдуктарын жок кылуу;
-курулуш иштерине тыйуу салуу;
-келтирилген зыяндын ордун тургузуу;
— финансы-кредиттик уюмдар менен талаш-тартыштар (банктар, микрокредиттик компаниялар, күрөөканалар);
— менчик укугун моюндоо;
— насыялык жана аласа карызын өндүрүү, материалдык жана моралдык чыгымды ордуна коюу;
— келишимди жокко чыгаруу;
— аткаруучу өндүрүштү коштоп жүрүү;
— үлүш ээлерине көмөк көрсөтүү.