Абдурауфов Рафкат Абдуллаевич – «АРАБИС Групп» адвокаттар коллегиясынын төрагасы. Ыкчам жана тергөө органдарында (ИИМ, ИИБ, Өкмөттүн алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы) 27 жылдык тажрыйбага ээ, отставкадагы полковник. Акыркы иштеген кызматы — Өкмөттүн алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын экономикалык жана кызматтык кылмыштар боюнча ага тергөөчүсү. Адвокат, башкаруучу өнөктөш. Негизги адистешкен багыты — Кылмыш-жаза укугу.