Абдурауфов Рустам Рафкатович – Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарда, ошондой эле эл аралык долбоорлордо (Бейөкмөт уюмдар, банк тармагы) 9 жылдан ашык тажрыйбага ээ. Акыркы иштеген кызматы — «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАКда башкы юрист. Адвокат, башкаруучу өнөктөш. Эл аралык долбоорлор боюнча юрист-эксперт. «Орусиялык мекендештерди колдоо жана укуктарын коргоо» коомдук фондунун аткаруучу директору. PRO-bono адвокат. Негизги адистешкен багыты — Кылмыш-жаза, жарандык укук.