Боров Ислам Султанович — «АРАБИС Групп» адвокаттар коллегиясынын төрага орун басары. Көзөмөл жана тергөө органдарында (Башкы прокуратура, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы) 27 жылдан ашык тажрыйбага ээ, отставкадагы полковник. Акыркы иштеген кызматы — Өкмөттүн алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын экономикалык кылмыштар боюнча тергөө бөлүмүнүн жетекчиси. Адвокат, башкаруучу өнөктөш. Орусия Федерациясынын Кыргызстандагы элчилигинин мекендештерди коргоо боюнча укуктук бөлүмүнүн башчысы. Негизги адистешкен багыты — Кылмыш-жаза укугу.